14-сентябрдан тартып өлкө боюнча музей жана китепканалар иштеп баштайт

Бүгүнтөн тартып өлкө боюнча музей жана китепканалар иштеп баштайт.

Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Мындай мекемелер ишин баштоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен

атайын алгоритм иштеп чыкты. Андыктан музей жана китепканага барган жарандар

бардык санитардык эрежелерди так сакташы керек. Талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынат.