Бишкекте коомдук транспорттун жол киреси азырынча көтөрүлбөйт

Бишкекте коомдук транспорттун жол киреси азырынча көтөрүлбөйт.

Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, муниципалитет токтом долбоорун чакыртып алды.

Буга коомчулуктун нааразычылыгы себеп болгон.

Ошол эле учурда, мэр белгилегендей, транспортто жол кирени накталай жана накталай эмес төлөө идеясы сакталып турат.

Башкача айтканда, карта менен төлөсө автобуста жол кире 11 сом, накталай болсо 15 сом болот.

Мындан улам, мэрия жарандарды карта менен төлөөгө үндөйт.