Бишкекте курулуш тармагында коррупциялык схема аныкталды

Бишкекте курулуш тармагында коррупциялык схема аныкталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,

көп батирлүү үйлөр тиешелүү документтери жок эле салынып жаткан.

Курулуш компаниясы узак убакыттан бери тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп,

мыйзамсыз иш жүргүзгөн. Алсак, объектилер коммуналдык кызматтарга ченемдерди бузуу менен кошулган.

Бул техногендик кырсыктарды жаратууга алып келет. Ведомстводон белгилешкендей,

мыйзамсыз курулган имараттар, курулуш компаниянын эсебинен эч кандай компенсация

төлөнбөстөн милдеттүү түрдө бузулат. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө