Нарын облусундагы бардык мектептерде сабактар кадимки форматта башталды

Нарын облусундагы бардык мектептерде сабактар кадимки форматта башталды.

Бүгүнтөн тартып облустун бардык 142 билим берүү мекемесинде окуу процесси

кадимки тартипте жүргүзүлө баштады. Ошондой эле жогорку жана орто окуу жайлардын

бүтүрүүчү курстары да кадимки шартта окуйт. Калган курстун студенттери аралыктан

билим алууну уланат. Андан тышкары, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Ат-Башы

райондорунун жана Нарын шаарынын бала бакчаларын да этабы менен ишке киргизүү пландалууда.