Мэрия башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,
капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы кызматкери
кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен колго түшүрүлдү.
Жетекчи кызматты ээлеп турганда Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда
70 миллион сомдук келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн.
Иликтөө иштери уланууда.