Бишкекте 35 көчөдө курулуш иштери башталды

Бишкекте 35 көчөдө курулуш иштери башталды.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдиргендей,

оңдоло турчу жолдордун жалпы узундугу 37 чакырымды түзөт. Кудайбергенов

белгилегендей, ордо калаада жыл аягына чейин 44 көчөдө жарыктандыруу,

тротуарларды оңдоо жана лотоктор салынат. “Бишкек шаарынын көчө — жол

тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кытай тараптан берилген

гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.