“Дордой” клубу Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону аталды

“Дордой” клубу Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону аталды. Футбол бирикмесинен билдиришкендей, “Дордойчулар” чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

 

Александр Крестининдин шакирттери бүгүн мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин “Алга” клубун 5:1 эсебинде утуп алды.

 

Муну менен “Дордой” үчүнчү ирет удаасы менен, ал эми тарыхында 12-ирет чемпион болду.