Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартыды.
Имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынды.
«Бактыга жараша жабыркагандар жок. Такталган маалымат боюнча, актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.