Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Сүйүмбаев көчөсүндөгү күч өлчөгүч, Көк-Жар конушундагы соода күркөсү, Калыс-Ордо конушундагы уруксатсыз орнотулган жыгач калыптар, Кайназаров жана Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 жеңил объекти алынды.
Ошондой эле борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы стихиялуу соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгында 2 батут, 1 күч өлчөгүч жана балмуздак сатуу пункту жоюлду.
Мыйзамсыз иштеп жаткан объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык аймакты бошотуу зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөр берилүүдө.