Бишкекте жазга карата жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатат

Бишкекте жазга карата жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан бизге кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда 4 райондо тең газон жана көчөт

отургузууга даярдыктар жүрүүдө. Быйыл ошондой эле конуштарга

бактарды отургузууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Учурда аларга карата

суу маселеси чечилип жатат. Ал эми күнөсканаларда кызматкерлер

гүлдөрдү өстүрүүдө. Кошумчаласак, аталган кызмат шаардагы

авариялык абалдагы бактарды кыюусун улантып жатат.