Бишкекте «Тулпар» карталарын саткан 30 пункт ачылды

Бишкекте «Тулпар» карталарын саткан 30 пункт ачылды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 1-июлдан тарта муниципалдык автобустар менен троллейбустар накталай төлөмдөрдү кабыл албайт.

Соода пункттары эл эң көп  аялдамаларда жайгашты.

Картанын баасы 50 сом, ага бир жол коомдук унаада жүрүү кирет.

Мындан тышкары райондук администрациялардын имараттарында төрт тейлөө борбору ачылды.