Бишкекте Ленская көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Ленская көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Фучиктен БЧКга чейинки тилкесинде “Суу системасын жана канализацияны жаңыртуу” долбоорунун алкагында магистралдык коллектор курулат.

 

Бул азыркы канализацияны жеңилдетип, шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт.

 

Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.