Өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгат

Өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгат.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан жарандарына сыртка чыгууга уруксат берген документ жок.

Эми каттамдар жандана баштаганына байланыштуу өкмөт ал чечимине өзгөрүүлөрдү киргизип жатат.

Документ жакынкы аралыкта даяр болот, — деди Акышев.