Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган кафе-ресторандарга айып салуу уланууда

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган кафе-ресторандарга айып салуу уланууда. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, текшерүүлөрдүн алкагында коомдук тамактануу жайларында 50дөн ашык отургучтар болгону жана санитардык талаптар аткарылбаганы аныкталды.

 

Аларга карата протоколдор түзүлүп, бир күндүн жыйынтыгы менен эле 363 миң сомго айып жазылды.