Бишкекте шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 14-апрелге чейин жабык болот

Бишкекте шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 14-апрелге чейин жабык болот. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди.

 

Анын айтымында, мындай чара балдардын шайлоого келген жарандар менен байланышын болушунча азайтуу максатында кабыл алынды. Добуш берүүдөн кийин 12-13-апрелде имараттарда санитардык тазалоо жүргүзүлөт.