Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы быйыл өзгөргөн жок

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы быйыл өзгөргөн жок. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, негизги тестке жана ар бир предметтик тестке каттоо акысы 370 сомду түзөт. Учурда жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн каттоо жүрүп жатат, ал 9-апрелге чейин уланат.

 

Ал эми сынактын өзү    17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт деп пландалууда.