Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкер партиялар добуштардын  15 пайыздан ашыгын топтой алса, аларга күрөө акысы кайтарылат

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкер партиялар добуштардын  15 пайыздан ашыгын топтой алса, аларга күрөө акысы кайтарылат. Бул тууралуу Бишкек шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди.

 

Анын айтымында, эгер саясий уюм кеңешке өтүп, бирок добуштардын 15 пайызын топтой албаса, каражат кайтарылбайт.

 

Эске салсак, Бишкек жана Ош шаардык кеңештерге шайлоо күрөөсү 50 миң сомду түзөт. Добуш берүү 11-апрелде өтөт.