Бишкекте такси кызматкерлери иштесе, унаа айып токтотмого жеткирилип, айдоочу жоопкерчиликке тартылат

Бишкекте такси кызматкерлери иштесе, унаа айып токтотмого жеткирилип, айдоочу жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, өзгөчө абал учурунда коомдук транспорт каттабайт. Ошондой эле такси жана менчик унаалар менен элди ташууга болбойт.  Учурда жол инспекторлору айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө абалды туура кабыл алууну өтүнүп жатат.