Бишкекте мектеп автобустары пайда болушу мүмкүн. 24 агенттигине мэриядан билдиришкендей, долбоор Транспорт департаменти менен биргеликте ишке ашат.
Алгач сыноо иретинде 15 мектепти камтый турган 2 автобустук каттамды кое берүү пландалууда. Долбоор болжол менен 21-ноябрда старт алат. Мектеп автобустарында окуучулар үчүн жол кире тарифи боюнча маселе учурда мугалимдер жана ата-энелер менен талкууланып жатат.