Бишкек мэриясы Жаңы жылда петардаларды жардыруудан баш тартууга чакырат. Ордо калаа муниципалитетинен билдиришкендей, экологиялык абалды эске алып, ар бир үй-бүлө салют, фейерверктерди албай койсо, аз болсо дагы, шаардын таза абасына салым кошкон болот.
Анын ортосунда, Бишкек мэриясы жыл башында эле салюттарга тендер жарыялап, 600 миң сом багыттаган.