Жаңы биометрикалык ID-карталарда каттоого турган дарегин онлайн текшерсе болот

Жаңы биометрикалык ID-карталарда каттоого турган дарегин онлайн текшерсе болот. Мамлекеттик каттоо кызматы эскертет, аталган кызмат portal.srs.kg сайтында жеткиликтүү.

 

Жарандар анда “Каттоо дареги” деген бөлүмдү ачып, ПИН жана ID-картанын номурун териши керек, алынган маалыматты скрин-шот кылуу сунушталат. Аны менен өзгөчө абал учурунда шаардагы посттордон өтүү жеңил болот, — дешти ведомстводон.