Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, катуу сууктун айынан калкты таза суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралды. Түтүктөр тоңуп, суунун агымы кескин азайды.

 

Бул өз кезегинде буу казандарга суу жетпегендиктен, жылуулук менен маселелерди дагы жаратты. Учурда жеринде адистер иштеп, кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө.