Жалал-Абадда 1-декабрдан тарта жол кире кымбаттайт.
Мэриянын жүргүнчүлөр, транспорттор агенттигинин башчысы Айгерим Абдыкаарова билдиргендей, маршруттук таксилердин жол акысын мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом боюнча калтыруу, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 10 сомдон 15 сомго жогорулатуу сунушталган.
Күйүүчү май менен тетиктердин баасынын жогорулагандыгын эске алуу менен эл өкүлдөрү бул сунушту колдоп берди.