Бишкек жана Чүйдүн көчөлөрүнө коюлган көчмө камералар кайра алынды

Бишкек жана Чүйдүн көчөлөрүнө коюлган көчмө камералар кайра алынды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев түшүндүргөндөй, мыйзам боюнча, көчмө камералар турган жерлерге алардын бар экенин эскерткен жол белгилери коюлушу керек.

 

Азыркы тапта аларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Жол белгилер толугу менен коюлуп бүткөн соң көчмө камералар кайра көчөлөрдө пайда болот. Эске салсак, мындай камералар көптөн бери көрүнбөй калып, 22-сентябрда кайра пайда болгон.