Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып пул салына баштады

Бишкек шаарында таштандыларды туш келди, башаламан таштагандарга айып пул салына баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирип, шаарды көрктөндүрүүгө көзөмөл кылган инспекция “Тазалык” ишканасы менен бирге рейддерди жүргүзүп жатканын кабаралды.

Маалымат боюнча, эки күндө үч райондо алты тартип бузуу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды.

 

Өнөр жай таштандыларын акы төлөбөй эле түн ичинде таштанды челектерине таштаган фактылар көп. Кийим тигүү цехтеринин, курулуш таштандыларын ыргыткандар да бар. Мэрия мындай таштандыларды чыгарууда техникага оордук жаралып, бузуларын, аларды жүктөө үч эсе көп убакытты талап кыларын кошумчалады.

 

Бишкекте бир нече жылдан бери таштанды көйгөйү чечилбей келатат. Калаа тургундары акыр-чикир убагында тазаланбай, үйүлүп кеткенине арызданып келишет.

Маселени чечүү үчүн 2018-жылы Европа Биримдиги менен Европа банкынан 22 миллион евролук насыя жана грант алынып, таштанды жайын көмүү, жаңысын ишке киргизүү иштери жасаларын жана акыр-чикирди ылгоочу завод курулары айтылган. Бирок долбоор дагы деле бүтө элек.

Бул боюнча “Азаттыктын” атайын иликтөөсү да чыккан.