Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 6-апрелден 9-апрелге чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында туруксуз аба-ырайы жана нөшөлөгөн жаан-чачындан улам сел жүрүшү мүмкүн.
Аба-ырайынын мындай шарттары байланыш, транспорт жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.
Ведомство куткаруу кызматынын “112” кыска номери күнү-түнү иштей турганын эскертип, жарандарды этият болууга чакырат.