Бишкекте «Тулпар» электрондук картасы 10-августтан тарта ишин жандантат.
Эми жол кирени накталай акча менен төлөгөндөр аныкталса, адистер айдоочуларга жана
транспорттук компанияларга карата акт түзүшөт, — деп эскертишти ордо калаа бийлигинен.
Картаны колдонуу менен байланыш азайып, санитардык эрежени сактоого шарт түзөт.
Белгилеп кетсек, Бишкекте 1-марттан тарта «Тулпар» электрондук төлөм системасы
аркылуу жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга жол кирени карта аркылуу төлөп жаткан.
Апрель айында коомдук транспорт токтогонуна байланыштуу электрондук картаны берүү долбоору ишин токтоткон.