“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери шаардык суу оргумаларын жууга киришти.
Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иштер учурда
Филармония жана мэриянын алдындагы, Ала-Тоо аянтында, ошондой эле
Эмен эс алуу багындагы 25 фонтандын шакекчесин жууп-тазалашууда.
Муну менен катар суу оргумаларынын жабдуулары да текшерилет.
Жайкы сезондо муктаждыкка жараша оңдоо иштери дароо аткарылат.