Бишкек мэриясы ушул жылы муниципалитеттин карамагына алынган объектилерди тизмектеди.
Мында кеп учурунда мыйзамсыз түрдө жеке тараптарга берилип кеткен имараттар тууралуу болуп жатат.
Кайтарылган объектилерге төрт бала бакча, Ак-Кула ат майданы жана ага тиешелүү 54 гектар жер кирет.
Ошондой эле Фучик паркынын 1 жарым гектарга жакын жери, ордо калаадагы ээси жок беш батир жана
«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын имараты муниципалитетке өттү.
Учурда мүлк башкармалыгы жалпы аянты 1 миң 300 чарчы метр болгон
эки имаратты мэрияга кайтаруу аракеттерин жүргүзүүдө.