Өлкөдөгү башкы магистралдар кыймылга ачык

Өлкөдөгү башкы магистралдар кыймылга ачык.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу

башкармалыгынан билдирди. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт,

Бишкек-Талас жана башка багыттагы эл аралык, шаар аралык

жолдордун баары ачык, кадимкидей тартипте иштеп жатат.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген жок. Мындан улам жол

кыймылына да чектөө жок. Кошумчаласак, Кыргызстандагы

эпидемиалогиялык кырдаалга байланыштуу башкы жолдор

жабылат деген маалымат чындыкка дал келбейт.