Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Белгилеп кетсек, кечээ Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы
3 учур катталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан учуп келишкен.
Такталган маалымат боюнча учакта жалпы 144 киши болгон.
Экөө Өзбекстанга чыгып кеткен. Алардын 142синен анализдер алынып,
3 адамда вирус бар экени аныкталса, калгандарында анализдин
жыйынтыктары оору жок экенин көрсөттү. Коронавирус аныкталгандан
кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.