Бишкекте жер амнистиясына туура келген объектилерге арыздар 18-июлдан тарта кабыл алынат

Бишкекте жер амнистиясына туура келген объектилерге арыздар 18-июлдан тарта кабыл алынат. Мэриядан билдиришкендей, жарандар жашаган жери боюнча административдик райондорго кайрылышы керек.

 

Эске салсак, майдын аягында министрлер кабинети жер амнистиясын өткөрүү тартиби жөнүндө токтом кабыл алган. Документ бардык процедураларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын негизги эрежелерин аныктайт.