Айрым товарларды 6 айга чейин өлкөдөн чыгарууга тыюу салынды

Айрым товарларды 6 айга чейин өлкөдөн чыгарууга тыюу салынды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык,

буудай, ун, өсүмдүк майы, макарон азыктары жана башка ушул сыяктуу

азык-түлүк түрлөрүн чет өлкөгө экспорттоого болбойт.  Ошондой эле

тизмеде кагаз кол аарчылар жана бактерияга каршы, дезинфекциялоочу

каражаттар да бар. Милдетти көзөмөлдөө тапшырмасы Бажы, Чек ара,

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик

кызматтарына берилди. Алар мыйзамсыз экспортту жоюуга

багытталган зарыл чараларды көрүшү керек.