Токтогул суу сактагычында октябрга карата суунун көлөмү 13,5 миллиард кубометрге жетет. Бул Энергетика министрлигинин божомолу. Ведомство жетекчиси Доскул Бекмурзаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде эле нымдуулуктун көлөмү болгону 7,8 миллиард кубометр болчу.
Бул өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 1 миллиардка аз.
Бирок былтыркы жыл менен салыштыра турган болсок, учурда өлкөнүн башкы резервуарында суу 1,3 миллиард кубка көп.