Кыргыз өлкөсүндө акыркы 10 күндө күйүүчү майдын баасы дагы 56,5 тыйынга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Бааларга мониторинг жүргүзүү бөлүмү жарыялады.
Маалыматта 1-сентябрдан баштап 9-сентябрга чейинки аралыкта күйүүчү майга болгон баанын өсүү тартиби көрсөтүлгөн.
А-95 — 60,27 (1-сентябрь) — 60,88 (9-сентябрь)
А-92 — 56,17 (1-сентябрь) — 56,85 (9-сентябрь)
А-80 — 48,62 (1-сентябрь) — 49,12 (9-сентябрь)
Дизель майы — 50,81 (1-сентябрь) — 51,28 (9-сентябрь)
Тагыраагы АИ-95 күйүүчү майы 61 тыйынга, АИ-92 үлгүсү 68 тыйынга, АИ-80 күйүүчү майы 50 тыйынга, ал эми дизель майы 47 тыйынга кымбаттаган.