Жарандар өз мүлкүнө маалыматтык эсеп бериши керек

Мамлекеттик салык кызматы мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруу жана салык органына тапшыруу зарылдыгын эскертет.

1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар мүлк (транспорт, турак же турак эмес жай, жер) салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш.

Маалыматтык эсепти эки жол менен тапшырууга болот: Salyk.kg сайтында «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө же салык органына баруу менен кагаз түрүндө, ошондой эле тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.