Бишкекте Жогорку Экономикалык Евразиялык кеңештин жыйыны 9-декабрда өтөт.
Дипломатиялык каналдар кабарлагандай, учурда ЕАЭБ кеңешине президенттердин кимиси катышаары такталууда.
Буга чейинки жыйын ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн.
Жыйын видеоконференция аркылуу уюштурулган.