Кумар оюндарына кызыккан чет элдиктерге визасыз режим киргизүү сунушталды

Кыргызстанда кумар оюндарына кызыккан чет элдиктер үчүн 15 күнгө визасыз режим киргизүү сунушталды.

Мыйзам долбоорун Экономика министрлиги иштеп чыккан.

Анда туристтердин паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө өздүк күбөлүгүн көрсөтсө эле жетиштүү болору айтылат.

Ошол эле учурда кумар оюн зонасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Документ талкууга коюлду.