Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө 21 миллион 748 миң сом жумшалат

Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө 21 миллион 748 миң сом жумшалат.

 

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Шайлоо 30-июнга белгиленген.

 

Смета шайлоо тилкелерин уюштуруу, комиссия түзүү, техникалык жабдуулар жана коопсуздукту камсыздоо чыгымдары менен эсептелди. Эске салсак, аталган шайлоо округдарынан парламентке келген депутаттар өз каалоосу менен мандаттарын тапшыргандан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.