Кыргызстанда “Эмгек сиңирген ишкерлерге” өзгөчө статус жана кызматтык паспорт берилет

Кыргызстанда “Эмгек сиңирген ишкерлерге” өзгөчө статус жана кызматтык паспорт берилет.

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, мындай чечим өлкөдөгү ишкерлердин макамын жана беделин жогорулатуу үчүн чыгарылды.

Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери” наамын алган бизнесмендерге кызматтык паспорт берилип, алар аэропорттордо VIP-залдар, расмий делегациялар жана бизнес залдарда тейленет. Ошондой эле президенттин чет өлкөгө болчу иш сапарларында мамлекеттик жана расмий делегациянын курамына киргизилет.