Бишкектеги №75 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча корпусу жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

Бишкектеги №75 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча корпусу жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, объекти 375 окуучуга эсептелет.

Бүгүнкү күндө, жумуштардын жарымынан көбү аткарылды жана ички жасалгалоо, эшик, терезелерди орнотуу,

электромонтаждоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун сметалык баасы 1 миллион долларды түзөт.

Каражат Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен берилет.