“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айыптын 66 пайызы төлөндү.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары
Ыманалы Саркулов билдирди. Маалыматка караганда, эреже бузуу боюнча төлөнгөн айыптын суммасы
1 миллиард 729 миллион сомду түздү. Жалпысынан 2 миллион 373 миң токтом чыгарылган.
Анын 130 миңи сотко жөнөтүлсө, бүгүнкү күндө 70 миңи каралып жатат.