Россия Кыргызстанда үч билим берүү мекемесинин курулушун баштайт.
Биринчи комплекс Ошто, экинчиси – Чүй жана үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда пайда
болот, — дешти билим берүү министрлигинен. Ведомстводон белгилешкендей,
каржылоо маселеси чечилди. Россия жалпысынан Кыргызстан аймагында
10 билим берүү комплексин курууну пландап жатат.
Калган объектилер этабы менен салынат