Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы түрттүрүлүп, ордуна жаңысы курулат

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы түрттүрүлүп, ордуна жаңысы курулат. Тиешелүү токтом долбоорун мэрия коомдук талкууга чыгарды. Документте белгиленгендей, имарат жана трибуналардын абалы кейиштүү абалга келип калды.

 

Аларды колдонуу кийин адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн. Жаңы ипподром унаалар үчүн атайын токтотуу жайлары менен камсыздалып, трибунадагы орундар көбөйтүлөт. Жаңы комплекстин долбоорун түзүүгө мэрия               19 миллион сом жумшайт.