Бишкек мэриясы жолдорго кулпулана турган люк капкактарды орнотууда

Бишкек мэриясы жолдорго кулпулана турган люк капкактарды орнотууда.

Жыл башынан бери жер алдынан суу чогултуучу чуңкурларды жаба турган,

кулпусу бар 50 түзүм орнотулду. Мындай чара жолдогу темир капкактар көптөгөн санда

уурдалгандан кийин көрүлө баштады. Иштерди “Бишкек асфальт сервис”

муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө.