Кыргызстандын алыскы аймактарындагы калкты текшерүү үчүн Россия эки автопоезд тапшырат

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы калкты текшерүү үчүн Россия эки автопоезд тапшырат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, медициналык транспорт  “Ден соолук кербени” долбоорунун алкагында берилет.

 

Унаалар алыскы аймактардагы тургундарды медициналык текшерүүдөн өткөрүп, алдын алуу иштерин  жүргүзүүгө ылайыкташкан. Автопоезддер ушул жылдын ноябрында жеткирилет.