Бишкекте жакынкы арада унаа тейлөөчү борборлор ачылат

Бишкекте жакынкы арада унаа тейлөөчү борборлор ачылат. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдиргендей, биринчиси июлдун аягына чейин ачылса, экинчисинин ачылышы жыл аягына белгиленди. Кийин мындай борборлор Талас, Каракол шаарларында жана Чүй облусунда пайда болот.

 

Аларда унааларды каттоо жана айдоочу күбөлүктөрүн берүү боюнча жеңилдетилген процедуралар көрсөтүлөт.