Бишкектеги базардын аймагы ирээтке келтирилет

Бишкектеги базардын аймагы ирээтке келтирилет.

Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, иштер Чүй проспектиси,

Бейшеналиева, Рыскулов жана Павлов көчөлѳр бөлүгүндө жүргүзүлөт.

Ленин райондук башкармалыгына аталган аймакта башаламан жана

жол жээгинде соода жүргүзгөндөрдү жоюу тапшырмасы берилди.

Калаа бийлигинен эскертишкендей, мамлекеттик администрациянын,

маданий эстеликтердин, диний имараттардын, жолдордун,

тротуарлардын өтүүчү бөлүгүндө соода жүргүзүүгө тыюу салынат.

Эрежеге баш ийбегендер жоопко тартылат.