Кубакы ашуусуна түшкөн таштар тазаланды.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна нөшөрлөп жааган жаандын
кесепетинен тоодон ылдый сел жүрүп, чоң таштар жолго кулаган. Трассанын алты жеринде
жолчулар тазалоо иштерин жүргүзүштү. Учурда тилкеде унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жок.