Бишкектеги 5 конушту өнүктүрүү планы иштелип чыгат.
Вице-мэр Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, кеп Ак-Босого, Арча-Бешик, Бакай-Ата, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштары жөнүндө болуп жатат.
Бул багытта Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 500 миллион доллар грант бөлүнөт.
Каражат аймакты өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык базасын иштеп чыгуучу консультанттардын кызматын төлөөгө жумшалат.
Бул анализдин негизинде шаар бийлиги келечекте долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдарга кайрыла алат.